• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен милициясы 2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 330га жакын учурун каттаган

Аймак 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Баткен облустук милициясы 2023-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун 327 учурун каттаган. Бул тууралуу бүгүн ИИОнун былтыркы жыл ичинде аткарган ишинин жыйынтыгы чыгарылган отурумда айтылды.

Облустук милициянын тараткан маалыматына таянсак, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү тарабынан 327 коргоо ордери берилген.

Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынга Баткен ОИИБнын жетекчилиги, бөлүм башчылар, облус аймагындагы район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары жана алардын орун басарлары, аймактык милиция бөлүмчөсүнүнүн башчылары катышты.

Облустук милициянын башчысы Мурат Боронов Кадамжайда күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин аянычтуу тагдырып эске салып, отурумдун катышуучуларына үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында негиздүү тапшырмаларды койду.

"Боронов облус аймагындагы милициянын башчылары жана аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн башчылары тийиштүү деңгээлде алдын алуу иш-чараларын уюштурууну жана катталган зомбулук фактылары боюнча кылдат текшерүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий