• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткен облустук Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө 6 кызматтык унаа берилди

Аймак 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Баткен облустук Жол коопсуздук камсыздоо бөлүмүнө 6 кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун жол коопсуздугун алдын алуу боюнча койгон тапшырмаларын жана Ички иштер министрлигинин коллегиясында министр Улан Ниязбековдун талаптарын аткаруу максатында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Байыш Ашырбеков жана ЖКККББ штабынын начальниги Өткүр Умаров Баткен облусунда болуп, облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнын начальнигинин орун басары Абдыбасыт Исаев менен жолугушту.

Иш-сапардын алкагында Баткен облусунун Баткен шаары, Баткен, Лейлек райондору, Сүлүктү шаарларында болуп, аймактардагы билим берүү, жол тейлөө мекемелери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл башчылары менен жеринде жолугушуп, жол унаа кырсыктарын коомчулук менен биргеликте алдын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, Баткен облусунун аймагында жол унаа кырсыктарын коомчулук менен биргеликте алдын алдын алуу аракеттерин көрүү жагы талкууланды.

Облустун аймагында жетишилбеген жол белгилерин коюу, жол чырактарын көбөйтүү жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча биргелешкен алдын алуу иш-чараларын уюштурууну жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүү боюнча сүйлөшүлдү.

Белгилей кетсек, ИИМ тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында кызматтык унаалар алынып, Баткен облусунун ЖКККБна 6 жаңы бардык жабдыктар менен жабдылган унаалар берилди.

Бул иш-чара облустун баардык район жана шаарларында жүрүшү максатталууда.

Пикир

Оставить комментарий