• 87
  • 90.63
  • 0.79

Баткен облусу көмүр менен 70% камсыздалды

Аймак 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Баткен облусу көмүр менен 70% камсыздалды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, облустун көмүргө болгон ички керектөөсү 120-130 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен калкка 97,5 мин тонна кара отун керектелет.

Бүгүнкү күнгө карата 68,5 миң тонна көмүр ташылып, жашоочулардын көмүр менен камсыз болуусу 70%га жетти. Облус боюнча социалдык категориядагы жана колдоого муктаж 1145 үй-бүлөгө акысыз 553 тонна көмүр жеткирилип берилди.

Мындан сырткары, айыл өкмөттөрдүн көмүр шахтылары менен түз сүйлөшүүлөрү аркылуу 2340 тонна көмүр базар баасынан арзан сатылды.

Ошондой эле 7-ноябрдан тартып Баткен облусунун аймактарына "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы тарабынан арзандатылган баада көмүр ташылууда. Бүгүнкү күнгө карата 320 тонна көмүр 6 миң сомдон сатылууда.

Учурда облус аймагында 69 стационардык көмүр сатуучу түйүн иштеп жатат. Сатуу пункттарындагы көмүрдүн болжолдуу запасы 1215 тоннаны түзөт.

Муну менен катар өкүлчүлүк социалдык обьектилердин кышка карата даярдыгы тууралуу маалымдады. Ага ылайык, Баткен облусундагы мектеп, бала бакчалардын кампалары көмүр менен 80% камсыздалды. Ал эми саламаттыкты сактоо мекемелерине көмүрдүн 83%ы ташылды.

Кошумчалай кетсек, январь-октябрь айларында облустун аймагындагы 50 көмүр ишканасы тарабынан 776,3 миң тонна көмүр өндүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий