Баткен облусуна 4 айда 162,7 млн сом каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Баткен облусу боюнча 2024-жылдын 4 айында республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 155,8 млн сом өлчөмүндө каржыланган.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • Теңдөөчү трансферт – 112,9 млн сом;
  • Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 7,0 млн сом;
  • Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 35,9 млн сом;

Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 5,9 млн сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле министрлер кабинетинин тескемесине ылайык 1 млн сом, каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий