• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткен облусунда айыл эли ФАПка тез жардам унаасын тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Баткен облусундагы Баткен районунун Бужум айылынын эли биргеликте каражат топтоп, тез жардам унаасына ыңгайлаштырылган "Мерседец Бенц" үлгүсүндөгү Спринтер автоунаасын аймактагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна белекке беришти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн айылдарын тейлеген тез жардам унаасынын абалы учурда капиталдык ремонтко муктаж болгондуктан, толук кандуу иш алып барууда кыйынчылыктарга дуушар болуп келген.

Тез жардам унаасы Кара-Булак жана Бужум айылынын 15 миң калкын тейлейт.

Белгилей кетсек, Бужум айылынын жаштары буга чейин да, облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, карантиндик чектөөлөр кабыл алынган учурда, коомдук транспорттор токтогон мезгилде 30 га жакын медицина кызматкерлерин жумушка жеткирүү үчүн транспорттук муктаждыктарын чечип беришкен.

Ошондой эле саламаттык сактоо мекемелерине жасалма дем алдыруучу аппараттарды алып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий