• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Баткен облусунда дагы 100 үй-бүлө азык-түлүк жардамын алууда

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Баткен облусунда дагы 100 үй-бүлө азык-түлүк жардамын алууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Элден элге» демилгесинин алкагында, «Сооп кербени» долбоору менен «Кайрымдуу бол» коомдук фондунун өкүлдөрү Орозо айт майрамын утурлай, Баткен облусундагы 100 үй-бүлөгө азык-түлүк алып келди.

Демилгечил жаштардын жардамын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов кабыл алып, жаштарга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.

Аталган уюмдун өкүлдөрүнүн айтымында, бул иш-аракет дүйнөнүн булуң-бурчунда жашап, эмгектенип жүргөн мекендештерибизден чогулган каражаттын эсебинен ишке ашып, азык-түлүк баштыктары Кыргызстандын жети облусунун жети жүз үй бүлөсүнө таратылды.

Азык-түлүк баштыктары облустагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылып баштады.

Пикир

Оставить комментарий