Баткен облусунда диний экстремизмдин алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында “Экстремист” аталышта диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирет.

Малыматка ылайык, анын жүрүшүндө Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери облустун аймагындагы медреселерге, жогорку окуу жайларга, мектептерге барышып, экстремизм менен терроризмге каршы аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, маалыматтарды беришти.

Бул иш-чаранын негизги максаты жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңындагы диний экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан коюлган жоопкерчиликтерди жеткирүү болуп саналат.

Бул багыттарда милиция кызматкерлери туура маалыматтарды жеткиришип, интернет тармактары аркылуу ар кандай диний экстремисттик, террористтик топторго азгырылып кетпөөнү эскертишип, жаштарды туура жолго үндөп, мыйзам бардыгына бирдей экендигин, мыйзамсыз иш-аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын билдиришти.

Мындай жыйындар Баткен облусунун бардык райондорундагы, шаарларындагы ар бир медреседе, окуу жайларда жогорку деңгээлде өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө студенттер, мектеп окуучулары кызыккан суроолорун беришип, жоопторун алышты.

Пикир

Оставить комментарий