• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен облусунда Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 3 мектептин курулушу каржыланууда

Аймак 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Кадамжай районунун (Баткен облусу) Чукур-Кыштак айылында жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аталган мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, грант иретинде 54 млн сом каражат бөлүнгөн. 275 орунга ылайыкташкан мектептин имараты 2020-жылдын жаңы окуу жылына карата бүткөрүлүүсү пландалууда.

"Белгилей кетсек 1965-жылы курулган Чукур-Кыштак орто мектеби, эскилиги жетип, авариялык абалга келген. Мындан улам жаңы мектеп куруу зарылчылыгы пайда болгон. Мектептин курулушу аталган уюм тарабынан колдоого алынды", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Ушул тапта облус аймагында Сауд өнүктүрүү фонду 3 мектептин курулушун каржылоодо.

Пикир

Оставить комментарий