• 87
  • 91.29
  • 0.84

Баткен облусунда шайлоо тынч жана мыйзам чегинде өттү - өкүлчүлүк

Аймак 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Бүгүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда Баткен облусунун аймагында мыйзам бузуу катталган жок.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, коомдук саясий абал облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин жеке көзөмөлүндө болду.

Жергиликтүү бийлик тарабынан 219 шайлоо участкаларында бардык тийиштүү шарттар түзүлдү.

950 милиция кызматкери, 424 элдик кошуундар, 300гө жакын милициянын ардагерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп,коомдук тартипти камсыз кылышты.

Бардык район-шаарларда шайлоо өз убагында башталып,өз убагында жыйынтыкталды.

Облус аймагында абал туруктуу.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоо өттү. Саясий өнөктүккө карата өлкө боюнча 2437 шайлоо участкасы ачылды. Ошондой эле жалпы 10 шайлоо участкасында аралыктан добуш берилди.

БШКнын маалыматына таянсак, жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоочулардын жалпы саны 4 135 039, анын ичинде эркектер - 2 000 528 (48,38%), аялдар - 2 134 511 (51,62%) түзөт.

Жалпысынан 33 шаардык кеңеште 993 депутат жана 231 айылдык кеңеште 5391 депутат шайланат.

Пикир

Оставить комментарий