Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Баткен облусунда саат 16:00гө шайлоочулардын 20,76%ы добуш берди. Буга чейин саат 14:00гө карата саясий өнөктүккө 16,85% шайлоочу катышкан.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, облуста шайлоочулардын жалпы саны 345 миң 468 жаранды түзөт.
Добуш берүү үчүн 219 шайлоо участкасы иштеп жатат.
Баткен облусу боюнча 22 айылдык кеңеште, 6 шаардык кеңеште шайлоо өтүүдө.
Облустун аймагындагы 6 шаардык кеңеште 166 мандатка 885 талапкер, ал эми 22 айылдык кеңештерде 552 мандатка 1007 талапкер ат салышууда.
Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан бардык участкаларда электр энергиясы, интернет байланышы, жылуулук сыяктуу зарыл болгон бардык шарттар түзүлдү.
Коомдук коопсуздукту камсыздап, мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн 950 милиция кызматкери, ИИМдин ардагерлери, элдик кошуундар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Пикир
Оставить комментарий