• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Баткен облусунда шайлоочулардын дээрлик 31%ы добуш берди

Аймак 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Баткен облусунда алдын ала жыйынтык боюнча саат 20:00гө карата шайлоочулардын 30,90%ы добуш берди.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, катталган шайлоочулардын 107 миң 077и шайлоого катышты.

Белгиленгендей, облуста шайлоочулардын жалпы саны 345 миң 468 жаранды түзөт.

Мындан сырткары, 1074 жаран аралыктан добуш берүугө арыз берген. Ал эми 16-ноябрь күнү көчмө урна менен добуш берүүгө 609 жаран катышты.

Баткен облусу боюнча 22 айылдык кеңеште, 6 шаардык кеңеште шайлоо өттү. Аймакта жалпы 219 шайлоо участкасы иштеди.

Пикир

Оставить комментарий