Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. 26-декабрь күнү саат 23:22де Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык бүгүн, жер титирөөнүн күчү очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Кадамжай районунун Лангар айылынан түндүк-чыгышка карай 6 чакырым, Эгин-Жай айылынан түштүк-чыгышка карай 7 чакырым, Кара-Оток айылынан түштүк-батышка карай 15 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышка карай 95 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Лангар айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий