Бишкек, 06.01.25. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунун Арка-2 айылында 5-январда турмуш-тиричилик мүнөздөгү жарылуу болгон. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарылуудан улам аял жана анын өспүрүм кызы жабыркаган.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, үй ээси бастырманын астындагы эски курулуш материалдары менен темир буюмдарды жыйнап жатып таап алган белгисиз жарылгыч зат (снаряд) жарылып кеткен.
Чек ара кызматы белгилегендей, 2022-жылы аталган үй ок атуунун кесепетинен өрттөнүп кеткен.
Учурда жабыркагандар ооруканада, аларга зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлдү.
Алардын абалы туруктуу деп мүнөздөлүүдө.
Жарылуу болгон жерди УКМКнын Чек ара кызматынын инженерлери дароо курчоого алышкан.
Окуя болгон жерде бардык жагдайды аныктоо үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери комплекстүү тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.
Мындан тышкары, ошол эле күнү Кыргызстандын жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, тажик тарап болгон окуя тууралуу кабардар болду.
УКМКнын Чек ара кызматы чек ара аймактарынын тургундарын сак болууга жана шектүү буюмдар табылган учурда аларга тийбөөгө, алар тууралуу дароо чек ара тарамдарына же укук коргоо органдарына кабарлоого чакырат.
Пикир
Оставить комментарий