• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Баткен облусунун башчысы 100 жаштагы Шарапат Бөдөновадан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылынын 100 жаштагы тургуну Шарапат Бөдөновадан кабар алып, аны Карылар күнү менен куттуктады.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ал кылым карыта жашаган Шарапат энеге чың ден соолук жана бакубат жашоо каалап, өлкө башчы Садыр Жапаровдун куттуктоо катын тапшырып, өзүнүн акчалай белегин дагы берди.

Шарапат Бөдөнова кезинде колхоздо пахта жыйнап, чөп чаап эмгектенип жүргөн. Эне 1 уул, 1 кызга татыктуу тарбия берип учурда 11 небере, 20 дан ашуун чебере жана кыбыраларды өстүрүп, бактылуу карылыкта өмүр сүрүүдө.

Белгилей кетсек, облус боюнча бир катар улгайган жарандарга жер-жерлерде жергиликтүү бийлик жана мекеме-ишканалар тарабынан урмат сый, жардамдар көрсөтүлүүдө.

Жалпысынан облус боюнча 100 жаштан ашкан 12 улгайган жаранга өкүлдүн резервдик фондунан акчалай белек тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий