• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Баткен облусунун башчысы чек ара чырынан жабыркагандардан кабар алып, дарыгерлер менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги акыркы окуялардын жүрүшүндө жаракат алып, облустук ооруканада дарыланып жаткан жарандардан кабар алды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы жабыркаган жарандардын тез арада сакайып кетишин каалап, алардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан бардык колдоолор көрсөтүлөөрүн билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл облустук ооруканага болгон сапарында саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен жолугуп, аларды 5-май Эл аралык умай энелер күнү, 12-май Эл аралык медайымдар күнү менен куттуктады.

“Баткен облусу чек арада жайгашкан стратегиялык аймак. Айрым учурларда аймакта орун алган түрдүү кырдаалдарда жарандарыбыздын өмүрүн сактап калууда дарыгерлер баатырларча күрөшөт. Сиздерде эрдик жана эркттүүлүк деген улуу сапат бар. Биз баарыбыз сиздерге зор ишеним артабыз жана таазим кылабыз. Элибиздин саламаттыгы өлкөбүздүн башкы байлыгы. Татыктуу медициналык кызмат көрсөтүү, шарт түзүү, дарыгерлерге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү, өлкөбүздүн артыкчылыктуу багыттарынын негизгиси”, - деди облус башчысы.

Ошондой эле ишинен айырмаланган алдыңкы кызматкерлер ыйгарым укуктуу өкүлдүн “Ардак грамотасы” менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий