Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов облустук оорукананын дарыгерлери менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Жыйында өкүл ооруканага кайрылган жарандарга сапаттуу медициналык жардам көсөтүү башкы милдет экенин белгилеп, тийиштүү жетекчилерге бул багытта бир катар тапшырмаларды берди.
Аны менен катар КР мыйзамына киргизилиген жаңы өзгөртүүлөр боюнча да айтып, коррупциядан алыс болууга чакырды.
Мындан сырткары, ал облустук ооруканада жеткиликтүү шарт жоктугунан алдыда бардык шарты бар, заманбап оорукана куруу үчүн долбоор даярдалып жатканын белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий