• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Баткен облусунун башчысы Кадамжайда элдин көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин кезектеги эл менен жолугушуусу Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында болду.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аймактын эли сугат суу, таза суу, жол, бала бакча, спорттук зал маселелерин көтөрүштү.

Ошондой эле көпүрөлөрдү жана жолдорду ондоо, Боз-Кара-Кыштак каналын бүткөрүү зарылчылыгын белгилешти.

Жыйында ар бир суроого тийиштүү жетекчилердин катышуусунда жооп берилип, бир канча маселени жеринде чечүүгө шарт түзүлдү.

Облус башчысы өз сөзүндө ар бир айыл аймак инвестиция тартуу үстүндө тынымсыз изденүү керектигин белгилеп, Үч-Коргон айыл аймагы багбанчылык менен дыйканчылык өнүккөн аймак болгондуктан, ишкерлерди мөмө жемиштерди кайра иштетүү жаатында кеңири мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга чакырып, өнүгүүгө багытталган бардык долбоорлор колдоого алынарын айтты.

Аны менен катар трансформация маселесин тездетүү менен турак жайга муктаждардын көйгөйүн чечүү, сунушталган көпүрө жана жолдорду зарылчылыгына жараша 2025-жылдын планына киргизүү тапшырмаларын койду.

Ошондой эле балдарды сергек жашоого үндөө үчүн спорттук зал куруу, балдардын жол коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү маселелерине жетекчилердин көңүлүн бурду.

Жолугушууда айыл өкмөт башчысы аймакта аткарылган иштер боюнча да маалымат берди. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында, аймактын өнүгүү багытында жергиликтүү бюджеттен 32 млн сомдук жумуштар аткарылып, 283 млн сомдук инвестиция тартылган.

Белгиленгендей, аталган айыл өкмөттө 33 миңден ашуун эл жашайт.

Пикир

Оставить комментарий