• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Баткен облусунун башчысы Сүлүктүдөгү карыялардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Сүлүктү шаарындагы жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык стационардык мекемесине барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Облус башчысы аталган мекемеде жашап жаткан ардактуу эс алуудагы ата-апаларды карылардын эл аралык майрамы менен куттуктады

"Карысы бардын – ырысы бар. Акылдын кенчи болгон ата-апалардын акыл-насааты, ак батасы менен өлкөбүз өнүгүү жолунда" деп аларга бакубат жашоо каалап, ар бири менен жакындан баарлашты.

Ошондой эле мекеменин ашканасына жаңы эмеректерди тапшырды.

Белгилей кетсек, учурда республикалык бюджеттин эсебинен 11,5 млн сом бөлүнүп, мекемеге кошумча имарат салынууда. Имаратка мекеменин административдик курамы жайгаштырылып, карыялардын ден соолугун чыңдоо жана медициналык кароодон өткөрүү үчүн шарт түзүлөт.

Мындан сырткары, быйылкы жылы АРИС менен өнөктөштүктө, мекеменин канализация системасы жана ажаткана, жуунуучу бөлмөлөрү жаңыланган.

Пикир

Оставить комментарий