Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Баткен облусунун Капчыгай айылында 3 чакырым унаа жолго асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жалпы узундугу 250 м, туурасы 3 м түзгөн 600 метр аралыкка бир тараптуу асфальт-бетон төшөлдү. План боюнча жолдун жалпы 3 км аралыгына асфальт төшөлөт.
Жолду асфальттоо иштерин “Кыргызавтожол” МИнин Баткен филиалынын №2 жол тейлөө ишканасы аткарууда.
Пикир
Оставить комментарий