• 87
  • 90.43
  • 0.88

Баткен окуясында курман болгондор эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 26.10.24. /Кабар/. Бүгүн Баткен шаарында Баткен окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага Баткен облусунун башчысынын орун басары Тимур Мадяров баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, Баткен окуясынын катышуучулары жана алардын жакындары катышып, Баткен окуясында курман болгондордун эстелигине гүл коюлду.

Тимур Мадяров иш-чаранын катышуучуларына облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин кайрылуу сөзүн жеткирип, “Баткен окуясы — 1999-2000-жылдары Кыргызстанда болуп өткөн маанилүү жана тарыхий окуя катары баарыбыздын эсибизде. Биз бүгүн Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн коргоп жатып, аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду эскерип турабыз. Мамлекеттин эгемендиги жана эркиндиги үчүн өмүрүн берген баатырлардын элеси дайыма жүрөгүбүздө.Баткен облусундагы күжүрмөн аракеттерге катышкандардын каармандыгы жана эрдиги эч качан унутулбайт” деп белгиледи.

Эскерүү иш-чарасында курман болгон мекендештерге багышталып куран окулду.

Белгилей кетсек, 26-октябрь, 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынын курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленип келет. Быйыл Баткен окуясынын катталганына 25 жыл болду.

Эске салсак, Диний экстремисттердин тобу 1999-жылы август айынын башында Кыргызстандын Баткен районунунун аймагына басып кирип, аймакты өздөрүнүн базасына айландыруу, жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн.

Кыргызстандын күч органдары, кошуна мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен аракеттери менен согушкерлерди өлкө аймагынан сүрүп чыгарууга жетишкен.

Бул куралдуу салгылашта Кыргызстандын 76 жараны курман болгон. Алардын 46 аскер кызматкери. 100дөн ашуун жаран жараат алган.

Куралдуу кагылышуулар болгон чөлкөмдүн стратегиялык жана социалдык-экономикалык мааниси эске алынып, 1999-жылы 13-октябрда Баткен облусун түзүү жөнүндөгү мыйзамга кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий