Баткен районунда 68 млн сомго 15 суу кудугу казылды

Аймак 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Баткен районунун аймагындагы сугат суу тартыш айылдарды үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоо максатында, жалпы 15 тике суу кудугунун курулуш иштери жүрдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, анын ичинен бүгүнкү күндө 8и пайдаланууга берилди, дагы бешөө пайдаланууга даяр, 1-июлга пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. Ал эми 2 обьектте казуу иштери уланууда.

Тактап айтканда, Самаркандек айыл аймагында 7, Ак-Татыр айыл аймагында 3, Кара-Булак айыл аймагында 2, Кара-Бак айыл аймагында 1, Ак-Сай айыл аймагында 2 тике суу кудугу казылды.

Белгиленгендей, бул обьекттер үчүн 2023-жылы мамлекеттик бюджеттен облусту өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен 68 млн сом каржыланды.

"Мында суу алгач сугат каналдары аркылуу берилет, суу тартыштыгы пайда болгон учурда суу кудуктары пайдаланылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий