• 87
  • 90.43
  • 0.88

Баткен районунда коомдук алдын алуу борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-августта Баткен районунун Чек айылында коомдук алдын алуу борборунун имараты ачылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор Ички иштер министрлигинин жана "Эл аралык толеранттулук үчүн" коомдук фонду жана Saferworld уюму менен кызматташтык долбоорунун жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунун астында "Милиция менен элдин ортосундагы социалдык кызматташтык" долбоорунун алкагында ачылды.

Ачылуу аземине Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын жана Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик ишканалардын жетекчилери, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.

Бул коомдук алдын алуу борборунда аксакалдар соту, аялдар кеңеши ошондой эле жаштар координаты милициянын участкалык тескөөчүлөрү менен биргеликте жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алышып, иш алып барышат.

Коомдук алдын алуу борборунун ар бир мүчөлөрүнө өз алдынча иш бөлмөлөр каралып, заманбап техника, эмеректер менен камсыздалды. .

Программанын алкагында аталган борбордун капиталдык курулушуна 400 миң сом, компьютердик жабдуулар, кеңсе эмеректери менен камсыз кылууга 329 миң 361 сом сом каржылык жардам көрсөтулгөн. Ал эми Дара айыл аймагы тарабынан курулуш иштерине 1 млн 543 миң сом жардам берилген.

Пикир

Оставить комментарий