Баткен районунда мөмө-жемишти кайра иштетүүчү эки цех курулууда

Аймак 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Баткен районунун Ак-Татыр айылында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү муниципалдык цех курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ишкана пайдаланууга берилсе күнүнө 8 тоннага чейин мөмө жемишти кайра иштетип, кургатып, таңгактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Муниципалдык ишкананын курулушу, аймакта өндүрүлгөн өрүк жана алманы кайра иштетүү менен жергиликтүү багбандарга шарт түзүү, аймакты дотациядан чыгаруу максатын көздөйт.

Аталган ишкананы курууга Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен 22 млн сом ажыратылган. Анын курулушуг быйыл аяктоо пландалууда жана мында 10 адамга жумуш орду түзүлөт.

Ошондой эле Баткен районунун Дара айыл аймагында муниципалдык вакуумдук муздаткычы бар кампа курулууда. 500 тоннага эсептелген логистикалык борбордун курулушуна Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында республикалык бюджеттен 7 млн сом каралган. Өнөктөш катары KOIKA уюму 10 млн сом салым кошкон. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 3 млн сом бөлүнгөн. Бул ишкананын дагы курулушун быйыл бүткөрүп, жыл соңуна чейин эки муздаткычын ишке киргизүү пландалууда.

Логистикалык борбордун курулушу менен аймактагы дыйкан чарба, айыл чарба кооперативдер дин мөмө жемиштерин сактоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Муздаткычтуу кампа Дара айыл аймагында өрүктүн эрте бышуучу, кургатылбаган "ак өрүк" сортун жана кулпунайды сактоого зор өбөлгө болот деп эсептешет адистер.

Пикир

Оставить комментарий