• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Баткен районундагы 40 үйдүн курулушу аяктоо алдында турат

Аймак 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 28-29-апрелинде орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган үйлөрдүн 40нын (Баткен районундагы) курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Баткенде жалпысынан 140 үй курулуп, 100 үй Лейлек районунун аймагында толугу менен бүткөрүлүп, тапшырылган.

“Баткен районундагы 40 үйдүн ичинен тогузу Ак-Сай айылында бүткөрүлүп, жаңы үйгө үй ээлери көчүп киришкен. Жакынкы аралыкта калган 31 үй пайдаланууга берилет. Мындан сырткары, президенттин демилгеси жана жеке ишкерлердин колдоосу менен 36 шейит кеткен эр азаматтардын жакындарын колдоо максатында 36 үй курулган”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик тараптын аракетин аскердик агрессия катары баалады.

Пикир

Оставить комментарий