Баткен шаарында нумизматикалык баалуулуктардын көргөзмөсү өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Баткен шаарындагы «Айгүл Тоо» маданий-тарыхый музей комплексинде 27-29-апрель күндөрү нумизматикалык баалуулуктардын көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө КР улуттук валютасы – сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өткөрүлгөн.

Көргөзмөнүн ачылышында президенттин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаныбек Исаков жана башка коноктор катышып, Улуттук банк тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар менен таанышып чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий