• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Баткен шаарында окуучулардын катышуусунда “Зомбулукка жол жок” аттуу акция өттү

Аймак 0


Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин окуучулары “Зомбулукка жол жок” деген ураан менен жөө жүрүш өткөрүштү.Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, бул демилге Баткен шаарынын ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги менен биргеликте уюштурулуп, мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы коштоп жүрдү.

"Мектеп окуучуларына социалдык педагогтор, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү зордук-зомбулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында оюн-зоокторду, викториналарды, ачык эшиктерди уюштуруп келишет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин окуучуларынын арасында зордук-зомбулук катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий