• 86.8
  • 91.06
  • 0.82

Баткен шаарында жол тыгынын азайтуу максатында 22 км кошумча жол курулду

Аймак 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Баткен шаарында жол тыгынын азайтуу максатында 22 чакырым кошумча жол курулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жол Ош - Баткен - Исфана жолунун Баткен шаарын аралап өткөн бөлүгүндөгү унаа тыгындарын азайтуу, оор жүк ташуучу унаалардын шаарды айланып өтүүсүнө шарт түзүү, жарандардын коопсуздугун сактоо максатында курулду.

16,2 чакырым болгон Чоң-Талаа-Кара-Бак-Баткен автожолу жана 6,2 чакырым болгон Баткен районунун Миң-Өрүк айылына кеткен жол курулуп, асфальт төшөлдү.

Жалпы узундугу 22 чакырым болгон жол үчүн республикалык бюджеттен 190 млн сом каралган.

Бул жолдун пайдаланууга берилиши менен Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Кара-Бак айыл аймактарынын, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары үчүн 8 кмге жол кыскарат. Ошондой эле Баткен шаарына кирбей, шаарды айланып өтүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий