• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Баткен шаарында жыл башынан бери үч адам сууга чөгүп каза болду

Аймак 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Баткен шаарынын аймагында 2022-жылдын башынан бери үч сууга чөгүү фактысы катталган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында сууга түшүүнүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, буга чейин милиция кызматкерлери тарабынан шар аккан каналдардын, кооптуу көлдөрдүн боюна сууга түшүүгө кооптуу аймак экендиги белгиленген эскертүү тактайчалары, баннерлер орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий