• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

"Баткен тарыхы - улуттун руханий казынасы" илимий конференциясы өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.10.24. /Кабар/. Бүгүн Баткенде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын 25 жылдыгына арналган "Баткен тарыхы - улуттун руханий казынасы" аттуу эл аралык илимий практикалык конференция өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, конференцияда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облусту ар тараптуу өнүктүрүү мамлекеттин негизги артыкчылыктуу багыты экендигин белгилеп, ар тараптуу колдоолор ишке ашып жатканын айтты.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Россия президентинин администрациясынын Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча орун басары Антон Рыбаков, Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алена Аршинова, Өзбекстандын Фергана облусунун башчысынын орун басары Хуршед Ахмедов жана башка чет элдик коноктор Баткен облусунун 25 жылдыгы менен куттуктап, аймакты өнүктүрүү багытында кызматташуу пландары менен бөлүшүштү.

Конференциянын салтанаттуу бөлүгүнүн соңунда Баткен облусунун жана Баткен шаарынын өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарга облус жетекчиси жана шаар мэри атайын сыйлыктарды тапшырды.

Иш-чара учурда Баткен облусунун тарыхы жана келечеги тууралуу илимий-практикалык докладдар менен уланууда.

Белгилей кетсек, конференция Баткен мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий