• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Баткен жана Фергана облустарынын башчылары чек ара көзөмөл-өткөрүү пункттарынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана Өзбекстандын Фергана облусунун хокими Хайрулло Бозаров, эки облустун чек арасында жайгашкан чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларынын ишмердүүлүгүнөн кабар алышты.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Баткен менен Фергана облусунун чек арасында жайгашкан алты өткөрүү пункту бар.

Алар:

  • “Кайтпас” автожол өткөрүү пункту;
  • "Кадамжай" автожол көзөмөлдөп өткөрүү пункту;
  • Ак-Кыя чек ара пункту;
  • "Кызыл-Кыя"автожол көзөмөлдөп өткөрүү пункту;
  • "Өтүкчү" жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүү пункту;
  • "Чечме" өткөрүү пункту.

Учурда туристтик мезгилге байланыштуу аталган өткөрүү жайларынан жарандар төрт эсе көп өтүүдө. Мындан улам эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында "Кадамжай" жана "Ак-Кыя" чек ара көзөмөл-өткөрүү жайларынын иштөө убактысы эки саатка узартылган.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынын өткөрүү пункттарынан өтүү тартибин жеңилдетүү максатында,жалпы жарандык паспорт талап кылынбайт, ички жарандык паспорт менен өтүүгө шарт түзүлгөн.

Облус башчылары өткөрмө бекеттеринде кызмат өтөп жаткан мамлекеттик органдардын кызматкерлерине жарандарга жеткиликтүү кызмат көрсөтүүнү тапшырып, өткөрмө бекеттерден өтүп жаткан жарандар менен баарлашып,алардын суроо, сунуштарын угушту.

Пикир

Оставить комментарий