• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Баткенде 18 жаштагы окуучу кыз асынып алды

Кырсык 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Баткенде 18 жаштагы 11-класстын окуучусу өзү жашаган короодо асынып алган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 27-майда таңкы саат 05:30дарда болгон.

“Окуучунун сөөгүн апасы тапкан. Алдын ала маалымат боюнча, кыздын үйүндө же мектепте көйгөй болгон эмес. Аталган факт милицияга каттоого алынып, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кыздын ата-энеси сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Пикир

Оставить комментарий