• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Баткенде 500 тонна жемишке ылайыкталган кампа курулууда

Коом 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. "Гуд Нейборс Интернешнл" уюму Баткенде 500 тонна жемишке ылайыкташкан 5 муздаткычы бар кампанын курулушуна 10 млн сом бөлөт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн президенттин Баткендеги өкүлчүлүгү, "Гуд Нейборс Интернешнл" уюмунун Кыргызстандагы филиалы, Баткен райондук мамлекеттик администрациясы жана Дара айыл өкмөтүнүн ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Учурда Баткен районунун Дара айыл өкмөтүндө муниципалдык вакуумдук муздаткычы бар кампа курулууда. 500 тоннага эсептелген логистикалык борбордун курулушуна Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында республикалык бюджеттен 5 млн 853 миң сом, Дара айыл өкмөтү, жергиликтүү бюджеттен 3 млн сом бөлүнүп, бул каражатка кампанын биринчи этабы курулуп бүткөн. Эми курулушуту толук бүткөрүү үчүн өнөктөш катары "Гуд Нейборс Интернешнл" уюму 10 млн сом салым кошууда. Ошентип, долбоордун жалпы суммасы 18 млн 853 миң сомду түзөт.

Жыл соңуна чейин аталган беш муздаткычтуу ишкананын эки муздаткычы ишке берилүүсү күтүлөт. Логистикалык борбордун курулушу менен аймактагы айыл чарба кооперативдердин мөмө жемиштерин сактоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Муздаткычтуу кампа Дара айыл аймагында өрүктүн эрте бышуучу, кургатылбаган "ак өрүк" сортун жана жыл сайын аянты өсүп жаткан кулпунайды сактоого, ошону менен экспорттун өнүгүүсүнө зор өбөлгө болот.

Пикир

Оставить комментарий