• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткенде 7 тонна селитраны контрабандалык жол менен алып өтүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Баткенде 7 тонна селитраны контрабандалык жол менен алып өтүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-мартта Баткенде Ж.А.У. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа кармалган. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан Өзбекстанда өндүрүлгөн минералдык жер семирткич түрүндө товардык документтери жок контрабандалык жүк табылган.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жүктөрү менен унаа токтотуучу жайга сактоого коюлду.

Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий