• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Баткенде 9 килограммдан ашык баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды

Аймак 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Баткенде 9 килограммдан ашык баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, анын натыйжасында Баткен облусунун аймагынан баңгизаттарды Россияга жөнөтүп жүргөн кылмыштуу топ бар экенин аныкташкан.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Баткен облусундагы Кара-Бак айыл аймагынын Тажикстан менен чектеш аймагына жакын жайгашкан май куюучу жайдын короосунда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сары түстөгү скотч менен оролгон 9 даана таңгакталган зат табылып алынган.

Алынган брикеттер “гашиш” баңгизаты экендиги аныкталып, анын жалпы салмагы 9 кг 120 гр түздү.

Андан кийин ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизаттар Тажикстанда туулган, учурда Чүй облусунда жашаган 1976-жылы туулган Х.Ж. аттуу жаранга таандык экендиги аныкталган. Бул жаран баңги кылмыштарын жасап жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда экендиги такталып, камакка алынды.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк башкармалыгынын кызматкерлери учурда өлкө аймагында баңги каражаттарын жеткирүү жана сатуу каналын жоюу боюнча ыкчам иштерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий