• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Баткенде "Алтын калем" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ММКнын өкүлдөрү үчүн уюштурулган “Алтын калем” сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, сынак Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулуп, сыйлыктарды облус башчысы Абдикарим Алимбаев тапшырды.

Сынактын максаты - облустун социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсү жөнүндө маалыматтарды калктын калың катмарына жеткирүүдө массалык маалымат каражаттарынын ролун жогорулатуу.

Ошентип Фергана Медианын Баткендеги журналисти Сабыр Абдымомунов “Алтын калем” сыйлыгына татыды. Журналист “Алтын калем” статуеткасы, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

“Мезгилдүү басылма” номинациясы боюнча Лейлек райондук Ата-Журт гезитинин кабарчысы Бүүрайма Худайбердиева диплом жана акчалай сыйлык менен,

“Телеберүү” номинациясы боюнча УТРК Баткен телеканалынын журналисти Миңгүл Көчөрова диплом жана акчалай сыйлык менен,

“Радиоберүү” номинациясы боюнча Салам Медиасынын журналисти Гүлбарчын Амирова диплом жана акчалай сыйлык менен,

“Интернет” номинациясы боюнча Азаттыктын Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаров диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Ал эми Ала-Тоо 24 телеканалынын журналисти Максатбек Акылбеков диплом жана өкүлдүн кызыктыруучу сыйлыгына ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий