Камчыбек Ташиев Баткендеги 2022 аскер бөлүгүнө курулган жаңы штаб жана казарманы ачты

Аймак 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Күн мурун Баткенде чек арачылар үчүн бир катар обьектилер пайдаланууга берилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Алгач, 2022 аскер бөлүгүндө майрамдык куттуктоо сөзүн сүйлөгөн Камчыбек Ташиев, 7 аскер бөлүгүнө күжүрмөн туу тапшырды. Андан соң, УКМК башчысы аталган аскер бөлүгүнө курулган жаңы штаб жана казарманы ачып, түзүлгөн шарттары менен чек ара кызматынын жетекчилиги жана кызматкрелери менен биргеликте таанышып чыкты.

Имаратта, аскер кызматкерлери үчүн заман талабына төп келген бардык шарттар камсыз кылынган.

Пикир

Оставить комментарий