• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Баткенде асыл тукум койлордун көргөзмөсү өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Баткен шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата облустун айыл чарба тармагын өнүктүрүү, анын ичинде мал чарбачылыгынын баалуулуктарын арттыруу жана жайылтуу максатында алгачкы жолу “Эт жана май багытындагы куйруктуу койлордун көргөзмөсү” өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, асыл тукум койлордун көргөзмөсүнө КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.

Алгач облус башчысынын биринчи орун басары М. Тулаев көргөзмөнүн уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, аталган иш-чара жыл сайын салтка айланарына тилектеш экенин билдирди.

“Эт жана май багытындагы койлордун көргөзмөсүнө” өлкөнүн жети дубанынан фермерлер келишкен. Бул көргөзмөдө негизинен койдун үч түрү бар. Алар авган, гиссар, арашан түрлөрү.

Пикир

Оставить комментарий