• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткенде аткезчилик менен ташылып келген дары-дармектер аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Баткенде аткезчилик менен ташылып келген дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Күн мурун аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Арка-2 айылында 1994-жылы туулган Т.А.Т. жана 1998-жылы туулган М.Ж.М. аттуу жергиликтүү жашоочулар башкарып бара жаткан "Volkswagen LT46" жана "Мерседес-бенц спринтер" үлгүсүндөгү автотранспорт каражаттары кармалган.

Жүк бөлүгүн кароо учурунда автотранспорт каражаттарынын биринен чектеш тараптан алынып келинген контрабандалык жүк: ампициллин жана цефтриаксон дары препараттары (145 куту, ар бир кутуда 16 таңгак, ар бир таңгакта 50 даана, болжолдуу суммасы 2 млн 200 миң сом) табылды.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий