• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Баткенде аткезчилик жүк ташыган 2 автоунаа мамлекетке конфискацияланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Президенттин жана министрлер кабинетинин контрабандага каршы аракеттенүү жаатындагы тапшырмаларын аткаруунун алкагында Баткен облусунун аймагында аткезчилик жүк ташыган 2 автоунаа конфискацияланды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы, «Баткен» бажысы жана КР УКМКнын чек ара кызматы менен биргеликте 25-сентябрь жана 15-октябрда контрабандалык жүк ташыган Т.М.А. башкаруусундагы «Тойота Превиа» жана «И.С.Р.» «Хюндай Портер» үлгүсүндөгү унаалар кармалган.

2022-жылдын 18-ноябрында Баткен райондук сотунун чечиминин негизинде, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандыгы боюнча эки автоунаа тең мамлекеттин эсебине конфискацияланды.

Пикир

Оставить комментарий