• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Баткенде аткезчилик жол менен 2,5 тонна күрүчтү ташып келүү фактысы аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Баткенде аткезчилик жол менен 2,5 тонна күрүчтү ташып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери Кадамжай районунун аймагынан С.М.М. аттуу жарандын башкаруусундагы Mercedes-Benz-1324 үлгүсүндөгү унаасын токтотуп, текшерүүгө алышкан.

Унаанын жүк бөлүгүн бажылык текшерүүдө Өзбекстандан чыккан, жалпы салмагы 2500 кг түзгөң күрүч табылган. Мыйзамсыз ташылып келген товарлардын орточо базар баасы 194 миң 450 сомду түздү.

Аталган факты тиешелүү каттоодон өтүп, чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий