• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Баткенде аткезчилик жол менен алынып келе жаткан жүк кармалды

Аймак 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Баткенде аткезчилик жол менен алынып келе жаткан жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 12-январь күнү Лейлек районунун Жаңы-Жер конушунда чек арачылар аткезчилик жол менен жүк алып келе жаткан 32 жаштагы Э.И. жана 35 жаштагы М.Ч. аттуу кыргыз жарандарын кармашкан.

Алардын "Renault Premium" унаасын текшерүү учурунда, анда тиешелүү документтери жок салмагы 19 тонна кургатылган жемиштер болгон.

Кармалган жүктүн жалпы баасы дээрлик 2 млн сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жүк менен жарандар Бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий