• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Баткенде аткезчилик жол менен алып келинген дары-дармектер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Баткенде аткезчилик жол менен алып келинген дары-дармектер кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан 9-июнда Лейлек районунун 30 жана 32 жаштагы С.у.И. жана М.Т.З. аттуу жарандарынын башкаруусундагы "Ауди А6" үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.

Унаанын ичинен коңшу мамлекеттердин биринин аймагынан Баткен облусуна аткезчилик жол менен алып келинген дары-дармектер табылган. Аталган унаа жүктү Лейлек районунан Кадамжай районун көздөй жергиликтүү соода түйүндөрү аркылуу сатуу үчүн бара жаткан.

Унаа жана жүк атайын сактоочу жайга токтотулуп, аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Белгиленген тартипте жүктү жок кылуу үчүн материалдарды бажы органдарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Пикир

Оставить комментарий