• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Баткенде аткезчилик селитра аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Баткенде аткезчилик жолу менен ташылып келген селитра аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Баткендин “Айрылыш” көчмө постунда К.Ч.Г. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Hyundai Porter унаасы текшерилген.

Унаадан тиешелүү документтери жок, Өзбекстанда өндүрүлгөн “аммиак селитра” минералдык жер семирткич табылган. Жүктүн жалпы салмагы 2 миң 650 кг, ал эми базар баасы 111 миң 300 сомду түзгөн.

Ишти кароонун алкагында К.Ч.Г. аттуу жаранга укук бузуу фактысы боюнча протокол түзүлүп, 7 миң 500 сом өлчөмүндө айып өндүрүлгөн. Ошондой эле ал 13 миң 636 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн да төлөдү.

Ушундай эле контрабанданы ташып кирүү фактысы Hyundai Porter унаасын кармоо учурунда аныкталган. Унааны К.А.Р. аттуу кыргыз жараны башкарып бара жаткан. Унаадан жалпы салмагы 2 миң 500 кг “аммиак селитрасы” табылган. Товар ЕАЭБ аймагына эч кандай товардык-транспорттук документтери жок алып келинген.

К.А.Р. аттуу жаранга укук бузуу фактысы боюнча протокол түзүлүп, 7 миң 500 сом айып өндүрүлүп, 12 миң 863 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий