• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Баткенде аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча окуу семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Баткен облусунда аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлерине окуу семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Окуу семинары Баткен облустук прокуратурасы тарабынан аткезчиликке байланышкан кылмыштарга карата эффективдүү күрөшүүнү камсыз кылуу менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бул багыттагы билим деңгээлин, практикалык жөндөмүн өркүндөтүү жана кылмыш иштеринин тергөөсүнүн сапатын жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Семинарда “Экономикалык контрабанда түрүндөгү кылмыштардын бетин ачуунун, тергөөнүн өзгөчөлүктөрү”, “КР Укук бузуулар жөнүндө” кодексинде аткезчиликке карата каралган чаралар, анын кесепеттери”, “Укук коргоо органдары жана салык кызматы тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби” темалары козголду.

Пикир

Оставить комментарий