• 87
  • 90.63
  • 0.79

Баткенде автогазоблок заводунун курулушунун 80 пайызы бүттү

Аймак 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Баткенде автогазоблок заводунун курулушунун 80 пайызы бүттү.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кадамжай районундагы бул ишкана герман технологиясы менен курулуп жаткан Кыргызстандагы алгачкы газобетон заводу болуп саналат.

Долбоор облус башчысынын алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеште каралып, заводду куруу үчүн 5 гектар жер аянты бөлүнгөн. Мындан сырткары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан каражат берилген.

Ишканага сырьену Кадамжай районунун Кан айылынан ташып келет. Өндүрүш ишканасы ишке кирсе, жергиликтүү тургундар дүйнөлүк стандартка жооп берген жогорку сапаттагы курулуш материалын пайдалана алат. Биринчи этапта 150дөй жумуш орду түзүлөт. Экинчи баскычта жалпы 200дөй жумушчу алынат. Ишкананын сметалык баасы 14,5 млн АКШ долларына жетет. Жылына 160 миң куб метр продукция өндүрөрү болжолдонууда.

Өкүлчүлүк быйыл аймакта жалпы жонунан алты ири өндүрүш ишканасын ишке киргизүү мерчемделгендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий