• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Баткенде бажычылар 1 тоннадан ашык контрабандалык жүктү кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Баткен бажысынын кызматкерлери жалпы салмагы 1 тоннадан ашык контрабандалык жүктү кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Раззаков-Баткен-Ош унаа жолунда А.Г.Б. (башкы тамгалар өзгөртүлдү) аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан насыбай жасоо үчүн махорка жана чегилбеген тамекинин сабактары табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 1399 кг түзгөн. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документтери болгон эмес.

Соода-өнөр жай палатасынын экспертинин корутундусуна ылайык ,кармалган товардын орточо базар баасы 221 миң 400 сомду түздү.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар Бажы кызматы тарабынан каралууда.

Пикир

Оставить комментарий