Баткенде бажычылар 30 тонналык контрабандалык жер семирткичтерди кармады

Коом 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Баткенде бажычылар 30 тонналык минералдык жер семирткичтерди аткезчилик жолу менен өлкөгө киргизүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдишти.

“Баткен” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз алып өтүү фактыларын алдын алуу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Исфана-Баткен-Ош унаа жолунда Schwarzmuller RA үлгүсүндөгү жарым чиркегичи менен Volvo Fill2 үлгүсүндөгү унаа текшерилген.

Текшерүү учурунда жүк салуучу бөлүгүнөн Өзбекстанда өндүрүлгөн минералдык жер семирткич (карбамид) табылган. Жүктүн жалпы салмагы 29 миң 400 кг болгон жана ЕАЭБ аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товар коштоочу документтер жок болгон.

“Эксперттик баалоо” ЖЧКсынын баалоосу жана Көз карандысыз экспертиза борборунун корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 735 миң сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча чогултулган материалдары мыйзамдарда белгиленген тартипте андан ары кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий