• 87
  • 90.63
  • 0.79

Баткенде биринчи жолу жүрөккө операция жасалды

Ден соолук 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Баткенде биринчи жолу жүрөккө операция жасалды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, 3-декабрда Кадамжай шаарындагы "Улукман" медициналык борборунда жүрөктүн тубаса кемтик оорусуна заманбап аппараттардын жардамы менен тамыр аркылуу операция кылынды. Мында бейтаптын денеси хирургиялык жол менен кесилбегендиги менен өзгөчөлөнүп турат.

"Улукман" медициналык борборунун директору Залкар Баймуратовдун айтымында, учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Жүрөгүнө операция жасалган бейтап 4 балалуу 38 жаштагы аял. Ал буга чейин бөйрөк жетишсиздиги оорусу менен жабыркап пландуу түрдө гемодиализ процедурасын алып жүргөн. Алдыда анын бөйрөгүн алмаштыруу боюнча операциялар пландалган. Ошондуктан дарыгерлер алгач жүрөгүнө операция жасоо чечимин кабыл алышкандыгы белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий