• 86.8
  • 91.06
  • 0.82

Кеминде жайлоого кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан жаранды издөөгө 94 адам тартылды

Аймак 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Кемин районунда Жалгыз-Тал жайлоосуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон Тар-Суу айылынын тургунун издөө иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 43 жаштагы Ш.М. 29-ноябрда досуна жолугуу үчүн жайлоого кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын минип жүргөн аты келген.

Бүгүн издөө иштерине ӨКМден 4 куткаруучу, 50 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 40 адам, жалпысынан 94 адам тартылды.

Пикир

Оставить комментарий