• 87
  • 91.26
  • 0.84

Баткенде быйыл 48,5 чакырым жол асфальтталып, 9,5 чакырым жаңы жол салынды

Аймак 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Баткен облусунда быйыл 48,5 чакырым жол асфальтталып, 9,5 чакырым жаңы жол салынды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облуста республикалык бюджеттин эсебинен 2024-жылдын 11 айында унаа жолдорду курууда 559,4 млн сомдук жумуш аткарылды. Анын ичинен 48,5 чакырым жолго асфальт-бетон катмары төшөлдү, 9,5 чакырым жаңы шагыл жол курулду.

Учурда жаңы жолдорду салуу иштери уланууда. Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолунун 3-8-чакырым аралыгында жолду сайдан чыгаруу жумуштары аткарылып жатат.

Сох-Кан-Зардалы жолунун 12-чакырымынын Кыштут участкасында узундугу 9 метр болгон көпүрө курулуп бүткөрүлдү. Ал эми Сары-Талаа-Кызыл-Таш участкасында 11 чакырым аралыкта бир тараптуу унаа жүрүүчү жол жардыруу ыкмасы менен кенейтилүүдө. Ошондой эле Кызыл-Таш-Зардалы участкасында жардыруу ыкмасы менен жаңы жол салынууда.

Пикир

Оставить комментарий